пятница, 21 февраля 2014 г.

ДНКнын ЖАШЫРУУН ДҮЙНӨСҮ


  
Технологиялык бир продуктту же объектти курууда жана башкарууда адамзаттын кылымдар бою топтогон тажрыйбасы менен илимий жетишкендиктери колдонулат. Дүйнөнүн эң алдыңкы жана татаал объекти болгон адам денесинин курулушу үчүн керектүү маалымат менен тажрыйба болсо ДНКда сакталган. Бул жерде баса белгилөө керек болгон жагдай мындай: ДНК алгачкы адамдан бери азыркы кемчиликсиздик жана татаалдыгы менен бирге бар болуп келген. Таң калыштуу түзүлүш жана өзгөчөлүктөрү менен бирге мындай молекуланын эволюционисттер айткандай кокустан пайда болушунун канчалык логикасыз экенин алдыдагы саптарды окуган сайын сиз да аныгыраак көрөсүз.
ДНК клетканын ортосунда жайгашкан ядродо кылдаттык менен корголуу турат. Адамда (саны 100 триллионго жеткен) клеткалардын орточо диаметринин 10 микрон (микрон=миллиметрдин миңден бири) экенин эске салсак, канчалык кичинекей бир аймак жөнүндө сөз болуп жатканын жакшыраак түшүнө алабыз. Бул кереметтүү молекула Аллахтын жаратуу чеберчилигиндеги кемчиликсиздик менен кереметтүүлүктүн ачык бир далили. Жалгыз ушул молекуланы изилдөө жана алигече аз бир бөлүгү гана ачыла алган сырларын чечүү үчүн атайын бир илим тармагы да түзүлгөн: «генетика»... 21-кылымдын илими деп кабыл алынган генетика колундагы ар кандай технологиялык мүмкүнчүлүктөргө карабастан, ДНКнын табышмагын чечүүдө эми гана «эмгектеп» баштады.

Ядродогу жашоо

Адам денесин бир имаратка салыштырсак, дененин бүт майда-чүйдөсүнө чейинки план жана долбоору ар бир клетканын ядросундагы ДНКда жазылган.
Адамдын эне курсагындагы жана төрөлгөндөн кийинки өрчүшүнүн баары алдын ала аныкталган бир программага ылайык жөнгө салынат. Адамдын өрчүшүнүн мындай кемчиликсиз жөнгө салынышы Куранда төмөнкүчө айтылат:

Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден (спермадан) бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «тартип ичинде калып берди.» (Кыямат Сүрөсү, 36-38)

Эне курсагында жаңы уруктанган бир жумуртка клеткасы кезибизде эле келечектеги бүт өзгөчөлүктөрүбүз Аллах тарабынан аныкталып, «бир тартип ичинде» ДНКларыбызга жайгаштырылган. Отуз жашка келгендеги боюбуз, түсүбүз, кан тобубуз, жүзүбүздүн формасы сыяктуу бүт өзгөчөлүктөрүбүз отуз жыл тогуз ай мурдатан, б.а. уруктанган кезибизден баштап баштапкы клеткабыздын ядросунда коддолгон.
ДНКдагы бул маалыматтар мындай тышкы көрүнүштөрдү эле аныктабайт. Ошол эле учурда клетка жана денедеги миңдеген түрдүү окуяны жана системаны да башкарат. Мисалы, адамдын кан басымынын төмөн, жогору же нормалдуу болушу да ДНКдагы маалыматтардан көз-каранды.
Клетка ядросунун схемасы


Адам клеткасындагы ири энциклопедия

ДНКда жазылган маалыматтар өтө масштабдуу. Көзгө көрүнбөгөн бир ДНК молекуласында толук бир миллион энциклопедия бетин толтура алаарлык көлөмдө маалымат болот. Көңүл буруңуз; толук 1 000 000 энциклопедия бети... Б.а. ар бир клетканын ядросунда адам денесинин функцияларын башкарууга жараган бир миллион беттик бир энциклопедияга бата турган көлөмдөгү маалымат коддолгон. Бир салыштыруу жасасак, дүйнөнүн эң чоң энциклопедияларынын бири болгон 23 томдук "Encyclopedia Britannica"нын да жалпы 25 миң бети бар. Демек бул жерде керемет бир көрүнүш бар. Микроскопиялык клетканын ичиндеги андан алда канча кичинекей болгон бир ядродогу бир молекулада миллиондогон маалыматтарды камтыган дүйнөнүн эң чоң энциклопедиясынан 40 эсе көп бир маалымат кампасы сакталуу турат. Бул болсо 920 томдук, дүйнөдө башка теңдеши жок, ири бир энциклопедия дегенди билдирет. Алынган маалыматтар боюнча, бул ири энциклопедия болжол менен 3 миллиард түрдүү маалыматты камтыйт.
Бул акыркы эки сөздү кайталайлы; «маалыматты камтыйт»...
Мына ушул жерде токтоп, оозубуздан оңой гана чыккан бул эки сөз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Бир клетканын ичинде миллиарддаган маалымат бар экенин айтуу оңой. Бирок бул эч сөз арасында айтып өтүп кете турган бир нерсе эмес. Себеби бул жерде бир компьютер же китепкана жөнүндө эмес, белок, май жана суу молекулаларынан гана турган, миллиметрден 100 эсе кичинекей бир куб жөнүндө сөз болуп жатат. Бул кичинекей бир кесим эттин ичинде миллиондогон маалымат мындай турсун, бир эле маалыматтын болушу жана анын ошол бир маалыматты эле сактап турушу да өтө улуу бир керемет болмок.
Адамдар азыркы кылымда маалыматты сактоо үчүн компьютерлерди колдонушууда. Компьютер технологиясы болсо учурда бүт башка технологиялардын башында турган эң алдыңкы технология деп кабыл алынууда. Мындан 20 жыл мурда бир бөлмөчөлүк көлөмдөгү бир компьютер сактаган маалыматты учурда кичинекей «микрочиптер» сактай алышууда... Бирок муну эске салуу керек: адам мээси кылымдар бою чогулткан маалыматы жана көп жылдарга созулган аракеттери натыйжасында гана иштеп чыккан бул акыркы технология да алигече бир клетка ядросунун маалымат сактоо сыйымдуулугуна жакындай элек. Мындай керемет сыйымдуулуктагы ДНКнын кичинекейлигин көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй салыштыруу жасоо жетиштүү болот.
Бүгүнкү күнгө чейин жашап өткөн бүт жандык түрлөрүнүн бүт өзгөчөлүктөрү маалымат катары ДНКга жүктөлсө, жалпы ДНК көлөмү бир чай кашыктын кичине бир бөлүгүн гана толтурмак. Болгондо да, анда бүгүнкү күнгө чейин жазылган бүт китептерди сактай ала турганчалык бош орун артып калмак.3
Көзгө көрүнбөгөн, диаметри миллиметрдин миллиарддан бири чоңдугундагы, атомдордун катарга тизилишинен түзүлгөн бир чынжыр мындай маалыматка жана эс-тутумга кантип жете алат? Бул суроого муну да кошуңуз: денеңиздеги 100 триллион клетканын ар бири бир миллион бетти жатка билет, сиз мээлүү жана аң-сезимдүү бир адам болуп туруп өмүрүңүз бою канча энциклопедия бетин жаттай аласыз?

Клеткадагы акыл

Демек муну кабыл алышыңыз керек: ашказаныңыздагы же кулагыңыздагы кандайдыр бир клетка сизден канчалаган эсе билимдүү, ал маалыматты эң туура жана эч кемчиликсиз колдонгону үчүн сизден алда канча акылдуу.
Андай болсо бул акылдын булагы эмне? Кантип денеңиздеги 100 триллион клетканын ар бири өз-өзүнчө ушунчалык керемет акылдуу боло алат? Булар болгону атом жыйындылары гана жана аң-сезимдери жок. Бүт элементтердин атомдорун алып, башкача формада жана санда бир-бирине улап, башка молекулаларды пайда кылсаңыз, баары бир акыл ала албайсыз. Ал молекулалардын чоң, кичине, жөнөкөй же татаал болушу да эч нерсени өзгөртпөйт. Аң-сезимдүү бир ишти уюштуруп, жасай ала турган бир акылды эч качан ала албайсыз.
Анда кантип, ушул сыяктуу эле, белгилүү сандагы акылсыз жана аң-сезими жок атомдун белгилүү формаларда тизилишинен түзүлгөн ДНК жана аны менен гармониялуу иштеген ферменттер аң-сезимдүү көптөгөн иштерди жасап, клеткадагы сансыз татаал жана ар кандай процесстерди кемчиликсиз уюштурушууда? Мунун жообу өтө жөнөкөй; акыл бул молекулаларда же аларды ичинде камтыган клеткада эмес, ал молекулаларды ошол иштерди жасай турган кылып программалап жараткандын өзүндө.
Кыскасы, акыл чыгармада эмес, ал чыгарманы жаратканда болот. Эң алдыңкы компьютер дагы аны бүт майда-чүйдөсүнө чейин долбоорлогон, аны иштете турган программаларды жазып ага жүктөгөн жана колдонгон бир акыл менен мээнин эмгеги, чыгармасы. Ошол сыяктуу, клетка да, ичиндеги ДНК менен РНКлар да, ал клеткалардан турган адам да аларды жана жасаган иштерин жараткандын чыгармалары гана. Чыгарма канчалык кемчиликсиз жана таасирдүү болбосун, акыл дайыма ал чыгарманын ээсинде болот.
Бир күнү бир лабораторияда столдун үстүндө өтө алдыңкы технологиялуу бир диск тапсаңыз, жана аны бир компьютер жардамы менен окуп ичинде сизге тиешелүү миллиарддаган маалымат бар экенин көрсөңүз, анда оюңузга биринчи кезекте бул маалыматтар ким тарабынан жана эмне максатта жазылган деген суроо келмек.
Ушул эле суроону эмне үчүн клетка жөнүндө сурабайбыз? Дисктин ичиндеги маалыматтар бирөөлөр тарабынан ал жерге жазылган болсо, андан алда канча жогору жана алдыңкы технологиялуу ДНК ким тарабынан эч кемчиликсиз долбоорлонуп, жаратылып, өзү да өзүнчө бир керемет болгон кичинекей клетканын ичине кылдаттык менен жайгаштырылган? Болгондо да, миңдеген жыл мурда бүгүнкү күнгө чейин эч бир касиетин жоготпостон. (Дискти жасаган жана ичине маалыматтарды жазган адам мээсинин да ушул клеткалардан тураарын унутпайлы.) Бул саптарды окушуңуз, көрүшүңүз, дем алышыңыз, ойлонушуңуз, кыскасы, бар болушуңуз жана өмүрүңүздү улантышыңыз үчүн дайыма кызмат кылган бул клеткалардын ким тарабынан жана эмне үчүн жасалганын суроодон да маанилүүрөөк эмне болушу мүмкүн сиз үчүн?
Сиздин оюңузча, өмүрүңүздө сизди эң көп кызыктырган нерсе ушул суроонун жообу эмеспи?
Бул суроонун жообу мындай: ааламдагы жандуу жансыз бүт нерселерди жоктон жараткан, бүт жандыктардын курулуш материалы болгон клетканын ичине керемет өзгөчөлүктөрү менен ДНКны жайгаштырган чексиз кудуреттүү Аллах. Адамдын жашоодогу максаты – ушул чындыкты көрө алуу жана Улуу Раббибизге кулчулук кылуу.

Дагы бир канча мисал

Белгилүү бир ыкма: бир учак кырсыгы натыйжасында эч ким жашабаган бир жерге түшүп аман калган жолоочулар аларды абадан издеген куткаруучу топторго аларды табышы үчүн чоң бир «Х» тартып коюшат. Колдорундагы буюмдарын же топтогон нерселерин колдонуп түз жана чоң бир Х белгисин жасашат. Натыйжада абадагы топ бул «акыл менен жасалган» ишаратты көрүп, ал жерде акылдуу жандыктар, б.а. адамдар бар экенин түшүнөт.
Түркиядагы шаарлар арасы автожолдордо баратып, кээде жолдун жээгиндеги дөбөлөрдүн боорлорунда ак таштардан жазылган жазууларды көрөсүз; «Баары мекен үчүн» же «Түркмүн деген кандай бактылуу» деген сыяктуу. Мындай жазуулардын ал жерде кантип пайда болгону болсо айдан ачык. Ошол тараптарда бир жерде бир аскердик топ бар жана дөбөнүн бооруна ак таштардан ушул сыяктуу жазууларды жазышкан.
Бирөө чыгып бул жазуулар аң-сезимдүү бир мээ, мисалы аскерлер тарабынан жазылган эмес, тескерисинче кокустан пайда болгон деп айта алабы? Бирөө чыгып «бул таштар тоодон ылдый кулап баратып кокустан тизилип калган жана «Баары мекен үчүн» деген сүйлөмдү пайда кылган» дей алабы?
Же болбосо бир «илимпоз» чыгып, «дүйнөдө триллиондогон таш бар, алар миллиондогон жылдан бери тоголонуп жатат, демек таштардын бир бөлүгү кокустан ушундай маанилүү бир жазуу пайда кыла турган абалда тоголонуп бир жерге чогулушу мүмкүн» десе, буга жаш балдар да күлбөйбү? Болгондо да, илимий бир услуп менен сүйлөсө, илимий түшүндүрмөлөрдү жасаса, ыктымалдуулук эсептерин көрсөтсө, бүт адамдар анын акылынан ансайын көбүрөөк күмөн санабайбы? Себеби «Баары мекен үчүн» сүйлөмү мындай турсун, жакшынакай бир «Б» тамгасынын да кокустан пайда болуу ыктымалдыгы жок. Тоонун башында ак таштардан түзүлгөн жакшынакай бир «Б» көрсөңүз, «муну бул жерге эмне максатта жазышты экен» деп ойлоносуз.
Бул мисалдар аркылуу муну айткыбыз келип жатат: эгер бир жерде кичине эле бир план бар болсо, ал жерде сөзсүз бир акыл ээсинин издери бар. Эч бир акыл чыгармасы кокустан пайда болбойт. Бир тоонун бетине миллиарддаган жолу ак таштарды тоголотсоңуз, «Баары мекен үчүн» деген жазууну, ал тургай, жакшынакай бир «Б» тамгасын да ала албайсыз. Эгер бир жерде бир тамга бар болсо, ал тамганын сөзсүз бирөө тарабынан жазылганын бүт баары кабыл алат. Авторсуз тамга болбойт.
Адам денеси болсо «Баары мекен үчүн» сүйлөмүнөн триллиондогон эсе комплекстүүрөөк бир түзүлүшкө ээ жана бул татаал түзүлүштүн «кокустан» пайда болгон болушу эч эч мүмкүн эмес, демек адамды да, анын клеткасын да, ДНКсын да кемчиликсиз пландап жөнгө салган – бул Аллах. Асмандардын, жердин жана ал экөө арасындагы бүт нерселердин Жаратуучусу Аллахтын бар экенин жана кудуретин тануу болсо эң чоң акылсыздык, жана ошондой эле, жалганчылык жана текебердик болот. Ал акыл менен кудурет ээсине жасалган чоң сый-урматсыздык болот.
Бирок, тилекке каршы, «таштардын өзүнөн-өзү тизилип, үч кичинекей сөздү жазышы мүмкүн эмес» деп кесе айткан көп кишилер «миллиарддаган атом бир-бирден пландалган бир тизмекке тизилип ДНКдай керемет иштерди жасай алган бир молекуланы «кокустуктар» натыйжасында пайда кылган» деген жалганды эч каршы чыкпастан угушууда. Гипноздолгон бир кишинин «сен бир эшик, дарак же кескелдириксиң» дегенди каршы чыкпай, кабыл алышы сыяктуу...

ДНК энциклопедиясынын тили

Калктардын жашоосу маалымат агымы жана байланышка таянат. Кишилер менен урпактар арасындагы маалымат агымында эң негизги каражат болсо – бул тил. Тил белгилүү бир коддор, б.а. тамгалар аркылуу чагылдырылат. Түркчө 29 тамгадан, б.а. 29 коддон турган бир тил. Ал коддор сөздөрдү, сөздөр болсо сүйлөмдөрдү түзөт. Маалымат агымы жана сакталышы ушул коддор аркылуу ишке ашат.
Клеткадагы тил да ушуга окшош. Адамдын бүт физикалык өзгөчөлүктөрү ошол тил аркылуу коддолуп клетка ядросуна сактап коюлган жана ошол тил аркылуу клетка тарабынан колдонула алат. Ал тил ДНК аттуу башчы молекуланын тили. Төрт тамгалуу ал ДНК тили A, T, G жана C тамгаларынан турат. Ар бир тамга «нуклеотид» деп аталган төрт өзгөчө базанын бирин чагылдырат. Ал базалардын миллиондогону белгилүү бир катарда тизилүү аркылуу ДНК молекуласын түзүшөт.

Ядродогу маалымат базасында маалыматтар ушундай жол менен сактап коюлган. Биз ал маалымат базасындагы код системасын баян кылганда, оңой болушу үчүн ДНКны түзгөн нуклеиндик кислота молекулаларын тамга менен көрсөтүүнү улантабыз. Ал тамгалар эки-экиден жупташып, тепкичтерди пайда кылышат. Ал тепкичтер болсо үстү-үстүнө жыйылып гендерди пайда кылышат. ДНК молекуласынын бир бөлүгү болгон ар бир ген адам денесиндеги белгилүү бир өзгөчөлүктү контрольдойт. Бойдун узундугу, көздүн өңү, мурундун, кулактын, баш сөөгүнүн материалы, формасы сыяктуу сансыз өзгөчөлүктөр тиешелүү гендердин буйругу менен келип чыгат. Ал гендердин ар бирин бир китептин беттерине салыштырсак болот. Беттерде болсо A- T- G- C тамгаларынан турган тексттер бар.
Адам клеткасындагы ДНКларда 200000 тегерегинде ген болот. Ар бир ген өзү туура келген белок түрүнө жараша саны 1000 менен 186000 арасында өзгөргөн нуклеотиддердин өзгөчө бир катарда тизилишинен келип чыгат. Ал гендер адам денесинде кызмат кылган болжол менен 200000дин тегерегиндеги белоктун коддорун сактайт жана ал белоктордун өндүрүшүн көзөмөлдөйт.
Ал 200000 ген камтыган маалымат ДНКдагы жалпы маалыматтын 3%ын гана түзөт. Калган 97%дык бөлүк болсо учурда дагы эле табышмак бойдон калууда. Акыркы жылдардагы изилдөөлөр ал 97%дык белгисиз бөлүктө денедеги өтө татаал иш-аракеттердин башкаруусун камсыз кылган механизмдер жөнүндө жана клетканын жашоосун улантышы жөнүндө өтө маанилүү маалыматтар бар экенин көрсөттү. Бирок алдыда жасала турган көп иштер бар.
Гендер хромосомалардын ичинде болот. Ар бир адам клеткасынын (көбөйүү клеткаларынан тышкары) ядросунда болсо 46 хромосома бар. Ар бир хромосоманы ген беттеринен турган бир томго окшотсок, клеткада адамдын бүт өзгөчөлүктөрүн камтыган 46 томдук бир «клетка энциклопедиясы» бар деп айтканга болот. Мурдараак айтылган энциклопедия мисалын эстесек, бул клетка энциклопедиясы толук 920 томдук "Encyclopedia Britannica" камтыган маалыматка тең келет.
Ар бир адамдын ДНКсындагы тамгалардын тизмеги ар түрдүү. Ушул күнгө чейин дүйнөдө жашап өткөн миллиарддаган адамдын баарынын бир-биринен айырмалуу болушунун себеби ушунда. Органдар менен кол-буттардын жалпы түзүлүш жана функциялары бүт адамдарда бирдей. Бирок бүт адамдар ушунчалык кылдат айырмалар менен ушунчалык майда-бараттуу жана өзгөчө жаратылгандыктан, бардык адамдар бир клетканын бөлүнүшүнөн пайда болгонуна, жана жалпы түзүлүшү бирдей болгонуна карабастан, миллиарддаган түрдүү адам келип чыккан.
Денебиздеги бүт органдар гендер сүрөттөгөн планга ылайык жасалат. Бир канча мисал берсек; илимпоздор чыгарган бир ген атласы боюнча денебизде тери 2559, мээ 29930, көз 1794, шилекей бези 186, жүрөк 6216, көкүрөк 4001, өпкө 11581, боор 2309, ичеги 3838, скелет булчуңу 1911 жана кан клеткалары 22092 ген тарабынан контрольдолот.
ДНКдагы тамгалардын тизилүү катары адамдын түзүлүшүн эң майда-чүйдөсүнө чейин аныктайт. Бой, көз, чач жана теринин өңү сыяктуу өзгөчөлүктөрдөн тышкары, денедеги 206 сөөктүн, 600 булчуңдун, 10000 угуу нерви тармагы, 2 миллион оптикалык нерв тармагы, 100 миллиард нерв клеткасы, 100000 километр узундуктагы тамырлар (кошумча шилтеме: http://encarta.msn.com/encyclopedia_761566878/Circulatory_System.html) жана 100 триллион клетканын пландары бир даана клетканын ДНКсында жазылуу.
Эми бул маалыматтардан соң ой жүгүртөлү: бир тамга да бир жазган киши болмоюнча пайда болбойт, демек адам клеткасындагы миллиарддаган тамгалар кантип пайда болгон? Ал тамгалар кантип мынчалык кемчиликсиз жана татаал бир дененин теңдешсиз планын түзө турган бир тартипте, бир маанини билдире тургандай абалда тизилишкен? Эгер ал тамгалардын тартиби бир азга эле бузулганда, кулагыңыз курсагыңызда жайгашмак же көздөрүңүз таманыңыздан орун алмак. Колдоруңуз артыңызга жабышкан абалда төрөлүп, түрү суук болуп өмүр сүрүшүңүз мүмкүн эле. Азыр келбеттүү бир адам болуп жашап жатышыңыздын сыры ДНКларыңызда жайгашкан 46 томдук энциклопедиядагы тамгалардын «катасыз» абалда тизилгендигинде. Албетте, ал тамгалардын өз акылы жана эрки менен антип тизилип калган болушу мүмкүн эмес. Бул жерде биз тамга деп атаган гендер улуу акыл жана чексиз илим ээси Аллах тарабынан жаратылган. Кокустук сөзүнө эч орун калтырбаган бул керемет тизилүү Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун бир натыйжасы:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

ДНК кокустук түшүнүгүн жок кылат

ДНК спиралын түзгөн атомдордун тизилиши
Математика учурда ДНКда жазылган маалыматтардын пайда болушунда кокустукка орун жок экенин далилдеди. Миллиондогон баскычтан турган ДНК молекуласы мындай турсун, ДНКны түзгөн 200000 гендин бир даанасынын да кокустан пайда болуу ыктымалдыгы такыр жок. Эволюционист бир биолог Солсбери (Salisbury) бул ыктымалсыздык жөнүндө мындай деген:
Орточо чоңдуктагы бир белок молекуласы болжол менен 300 аминокислотадан турат. Муну контрольдогон ДНК чынжырында болсо болжол менен 1000 нуклеотид болот. Бир ДНК чынжырында төрт түрдүү нуклеотид бар экенин эстесек, 1000 нуклеотиддик бир тизмек 4 даражасы 1000 түрдүү болушу мүмкүн. Кичинекей бир логарифма эсеби менен табылган бул сан болсо акылга сыйбай турган чоң мааниге барабар.4
Б.а. айланада бүт керектүү нуклеотиддер бар, алар өз ара байланыш түзүшү үчүн керектүү бүт комплекстүү молекулалар менен байланыштыруучу ферменттердин баары даяр турат деп элестетсек да, ал нуклеотиддердин керектүү катарда тизилүү ыктымалдыгы 41000ден 1, башкача айтканда, 10600дөн 1 ыктымалдык дегенди билдирет. Кыскасы, адам денесиндеги орточо бир белоктун ДНКдагы кодунун кокустук натыйжасында, өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы 1дин жанына 600 даана нөл жазылып алынган сандан 1ге барабар. Бул астрономиялыктан да чоң сандан 1 ыктымалдык деген болсо иш жүзүндө «0» ыктымалдык деген мааниге келет. Демек, мындай бир тизилүү акылдуу жана аң-сезимдүү бир күчтүн контролу астында гана ишке ашкан; ал илим жана күчтүн ээси – асмандардын жана жердин Жаратуучусу Улуу Аллах...
Азыр окуп жаткандарыңызды ойлоп көрүңүз. Тамгалар (ар бир тамга үчүн ар башка бир басым калыбы колдонулуп) өз башынча жана туш келди тизилип ушундай текстти пайда кылды деген бир адамга кандай көз менен карамаксыз? Албетте, анын сөзүн эч логикасыз кабыл алып, бул текстти сөзсүз акылдуу жана аң-сезимдүү бирөө тарабынан жазылган демексиз. ДНКдагы абал да дал ушундай.
Фрэнсис Крик (Francis Crick) ДНКнын түзүлүшүн ачкан биохимик, бул темада жасаган изилдөөлөрүнөн улам Нобель сыйлыгын алган. Башында күчтүү бир эволюционист болгон Крик ДНКнын керемет түзүлүшүнө күбө болгон соң жазган эмгегинде илимий бир чындыкты төмөнкүчө айткан:
Учурдагы колдогу маалыматтардын негизинде чынчыл бир адам мындай гана дей алат: кандайдыр бир мааниде жашоо кереметтүү абалда келип чыккан. Бул ишке ашышы үчүн өтө көп шарттар бир учурда камсыздалышы керек.5
Криктин ою боюнча, дүйнөдө жашоо эч качан кокустан пайда боло албайт. Көрүнүп тургандай, ДНК темасында эң адис киши дагы, эволюционист болгонуна карабастан, кокустукка орун бере алган эмес.
Беш миллиард тамгадан турган ДНКдагы маалыматтар A-T-G-C тамгаларынын өзгөчө жана маанилүү бир катарда тизилишинен түзүлөт. Бирок ал катарда бир тамгадан да ката кетирилбеши керек. Энциклопедияда туура эмес жазылган бир сөз же тамга катасына көп маани берилбейт, өтүп кетилет. Ал тургай, байкалбай да калат. Ал эми ДНКда болсо кандайдыр бир баскычтагы, мисалы 1 миллиард 719 миллион 348 миң 632нчи баскычтагы бир тамганын туура эмес коддолушу сыяктуу бир ката да, клетка үчүн, жана натыйжада адам үчүн коркунучтуу натыйжаларга себеп болот. Мисалы, жаш балдарда кездешкен лейкемия (кан рагы) оорусу ушул сыяктуу бир туура эмес коддоонун натыйжасы.
ДНКнын хромосома ичиндеги формасы
Негизи муну «туура эмес коддоо» деп айтуу туура эмес болот. Себеби бүт нерселер сыяктуу, адамдын ДНКсы да Аллах тарабынан жаратылган жана кээ-кээде болсо да кездешкен каталар белгилүү бир даанышмандык (Аллахтын белгилүү максаты) негизинде келип чыгат. Ракты пайда кылган коддоо катасы атайын жаратылган бир ката. Адамга анын алсыздыгын көрсөтүү, адамдын негизи канчалык кылдат тең салмактуулуктар менен жаратылганын жана ал тең салмактуулуктардын кичине эле бузулушу натыйжасында башына кандай кыйынчылыктар келиши мүмкүн экенин эскертүү үчүн Аллах тарабынан атайын, белгилүү бир даанышмандык менен жаратылган.
Бета-глобин генинин ДНК коддору

ДНКнын өзүн жупташы

ДНК спиралынын жупталышы
Белгилүү болгондой, клеткалар бөлүнүп көбөйүшөт. Адам денеси башында бир клетка болот, анан ал клетка бөлүнөт жана натыйжада 2-4-8-16-32... болуп эселенип көбөйөт.
Бул бөлүнүү процесси натыйжасында ДНКга эмне болот? Клеткада бир даана ДНК чынжыры бар. Бирок жаңы пайда болгон клетка да бир ДНКга муктаж болот. Бул жетишпестикти чечүү үчүн ар бир этабы өзүнчө бир керемет болгон кызыктуу бир катар процесстер жүрөт. Аягында клетка бөлүнөөрдөн бир аз мурда ДНКнын бир копиясы жасалат жана ал жаңы клеткага берилет.
Клетканын бөлүнүшүнө жасалган байкоолор клетканын бөлүнөөрдөн мурда белгилүү бир чоңдукка жетиши керек экенин көрсөтөт. Ал белгилүү чоңдук чегинен өткөн соң бөлүнүү процесси өзүнөн-өзү башталат. Клетканын формасы бөлүнүүгө ыңгайлашып жалпайып баштаганда, ДНК да жогоруда айтылгандай өзүн жуптап баштайт.
Мунун мааниси мындай: клетка бүтүндөй бөлүнүү «чечимин алып», клетканын ичиндеги бөлүктөр ошол бөлүнүү чечимине ылайык иш-аракет жасап башташууда. Клетканын мындай коллективдүү ишти жасай турган аң-сезими жок экени анык. Бөлүнүү процесси жашыруун бир буйрук менен башталат жана ДНК баш болуп бүт клетка ошого жараша иш-аракет кылат.
ДНК өзүн көбөйтүү үчүн алгач маңдай-тескей эки бөлүккө бөлүнөт. Бул кубулуш өтө кызыктуу ишке ашат. Формасы спираль бир тепкичке окшогон ДНК молекуласы ал тепкичтин баскычтарынын ортосунан сыдырма сымал экиге бөлүнөт. Эми ДНК эки жарым бөлүккө бөлүнгөн болот. Эки бөлүктүн тең кем болгон жарымдары (экинчи тараптары) айланадагы даяр турган материалдар менен толукталат. Ошентип эки жаңы ДНК молекуласы өндүрүлгөн болот. Операциянын ар бир этабында фермент деп аталган жана алдыңкы роботтордой иштеген адис белоктор кызмат кылат. Бир караганда жөнөкөйдөй көрүнгөнү менен, бул операция учурунда ишке ашкан ара процесстер ушунчалык көп жана татаал болгондуктан, кубулушту терең баяндап берүү көптөгөн бетти ээлейт.
Жупташуу учурунда келип чыккан жаңы ДНК молекулалары текшерүүчү ферменттер тарабынан кайра кайра текшерип чыгылат. Кетирилген бир ката бар болсо –ал каталар өтө маанилүү болушу мүмкүн- заматта аныкталып, оңдолот. Каталуу код жулуп алынып, туурасы алып келип, жабыштырылат. Бүт бул процесстер ушунчалык тездик менен жасалгандыктан, мүнөтүнө 3000 баскычтуу нуклеотид өндүрүлүп жатканда, бир тараптан бүт ал баскычтар кызматкер ферменттер тарабынан кайра кайра текшерилип, керектүү оңдоолор жасалат. Өндүрүлгөн жаңы ДНК молекуласында тышкы факторлор натыйжасында демейкиге караганда көбүрөөк ката кетирилиши мүмкүн. Бул жолу клеткадагы рибосомалар ДНКдан келген буйрукка ылайык ДНК оңдоочу ферменттерди өндүрүп башташат. Ошентип ДНК да корголгон болот жана урпактын уланышы да коопсуздукка алынган болот.



Клеткалар да адамдар сыяктуу төрөлүп, көбөйүп, анан өлүшөт. Бирок клеткалардын өмүрү адам өмүрүнөн алда канча кыска болот. Мисалы, алты ай мурда денеңизди түзгөн клеткалардын көпчүлүгү бүгүн жок. Бирок өз убагында бөлүнүп ордуларына жаңыларын калтырганы үчүн сиз бүгүн жашап жатасыз. Ушул себептен клеткалардын көбөйүшү, ДНКнын копияланышы сыяктуу процесстер адам өмүрүн улантышы үчүн кичинекей да катага жол берилбеши керек болгон өтө маанилүү процесстер болуп саналат. Көбөйүү процесси ушунчалык кемчиликсиз иштегендиктен, ката деңгээли 3 миллиард баскычта бир баскыч гана. Бул жалгыз ката да кандайдыр бир маселеге себеп болбостон, денедеги жогорку контроль механизмдери тарабынан жок кылынат.
Күн сайын эртеден кечке, сиздин эч кабарыңыз да болбостон, денеңизде сиздин өмүрүңүз эч көйгөйсүз уланышы үчүн укмуш бир кылдаттык жана жоопкерчилик түшүнүгү менен сансыз процесстер жана көзөмөлдөр жасалып, чаралар көрүлөт. Баары өз кызматын кемчиликсиз жана ийгиликтүү жасайт. Аллах эң чоңунан эң кичинекейине, эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейин сансыз атом менен молекуланы сиз жакшы жана ден-соолукта өмүр сүрүшүңүз үчүн кызматыңызга берген. Ушул берешендик жана сый-жакшылыктардын өзү эле адамдын дайыма шүгүр кылышы үчүн жетиштүү эмеспи? Же адам акылы ордуна келиши үчүн сөзсүз бул кемчиликсиз системада бир катар көйгөйлөр жаратылышын күтүшү керекпи?
Эң кызыгы: ДНКнын өндүрүшүн камсыз кылган жана түзүлүшүн көзөмөлдөгөн ферменттер – бул кайра эле ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде жана ДНКнын буйругу жана контролу астында өндүрүлгөн белоктор. Бул жерде баары бир-бири менен байланыштуу татаал бир система бар; мындай системанын баскыч баскыч келип чыккан кокустуктар натыйжасында мындай абалга келиши эч качан мүмкүн эмес. Себеби фермент болушу үчүн ДНК болушу, ДНК болушу үчүн болсо фермент болушу керек, экөө тең болушу үчүн болсо клетка мембранасынан баштап бүт башка комплекстүү органеллдерине чейин толугу менен бар болушу шарт.
Жандыктар биринин артынан экинчиси ишке ашкан «пайдалуу кокустуктар» натыйжасында «баскыч баскыч» келип чыккан деген эволюция теориясы ушул ДНК-фермент парадоксу тарабынан толугу менен жокко чыгарылууда. Себеби ДНК менен фермент чогуу бир учурда бар болушу керек. Бул болсо Аллахтын бар экендигинин апачык далили.

 Эволюция жалганынын акыркы башпаанеги:мутациялар

Дарвин теориясын чыгарганда, бир түр ичиндеги көп түрдүүлүктүн себебин да, өз оюнан чыгарган «бир түр башка бир түргө өзгөрөт» деген көз-карашынын логикасын да түшүндүрө алган эмес. Түшүндүрүшү да мүмкүн эмес эле, себеби Дарвин ДНКдан кабарсыз болчу. Дарвин генетиканы да, биоматематиканы да, микробиологияны да билчү эмес. Бул илим тармактары Дарвин жашаган доордо жок болгондуктан, буларды билиши да мүмкүн эмес эле. Ал колундагы мүмкүнчүлүктөрү менен ар кайсы жаныбарларды союп, скелеттериндеги окшоштукка таянып илимий эмес, ойдон чыгарылган пикирлерин айткан. Жогорудагы илим тармактары али жарала элек болгондуктан, клетка жөнүндө изилдөө жасашы мүмкүн эмес эле.
Учурда өнүккөн технология менен адамдар клетканын кемчиликсиз жана комплекстүү механизмдеринен кабардар болушту. Алардын кокустан же убакыттын өтүшү менен өзүнөн-өзү пайда боло албашы аныкталды. Себеби бул комплекстүү системанын бүт бөлүктөрү бир учурда, бир жерде, кеми жана ашыгы жок, толугу менен пайда болушу керек эле. Болгондо да, бул система миңдеген түрдүү астыңкы системалардан турат. Андай болсо, бир учурда, бир жерде, кемчиликсиз бир системанын бир заматта пайда болушунун бир гана түшүндүрмөсү бар: «Жаратылуу». Ошентип адамдарды жаратылууну четке кагуу аркылуу Аллахтын жолунан буруу үчүн чыгарылган эволюция теориясынын канчалык чоң бир калп экени өнүккөн илим жана технология менен дагы бир жолу далилденди.
Бирок эволюция илимий бир чындык эмес, «Жаратылууну» четке каккан бүт идеологиялардын таянган бир пайдубалы эле. Ушул себептен кандай гана болбосун бул жалганды улантуу зарыл эле. Мунун чарасын башка бир жалгандан табышты: «мутация».
Эволюционисттер мутациялар натыйжасында примитивдик (жөнөкөй) түрлөр өнүккөн жана башка жаңы түрлөр келип чыккан деп чыгышты.
Мутация – бул жандыктын ДНКсында тышкы факторлор натыйжасында (химиялык заттар, рентген нурлары, радиация) келип чыккан өзгөрүүлөр. Бирок бул өзгөрүүлөр эч качан жаңы бир түр пайда кылбайт; себеби мутация генетикалык маалыматтын кемишине же орун алмашышына жол ачат. Генетикалык маалыматка жаңы бир нерселерди кошо алышпайт. Ар бир жандыктын генетикалык маалыматында өз түрүнө тиешелүү маалыматтар жазылган. Ошондуктан генетикалык өзгөрүү (мутация) ал жандык түрүндөгү орган жана түзүлүштөрдүн санын, өңүн жана формасын белгилүү бир деңгээлде өзгөртөт. Жандыкка эч качан жаңы бир орган же өзгөчөлүк кошо албайт. Болгондо да, мутациялардын 99,9%ы жандык үчүн зыяндуу, ал тургай, анын өлүмүнө себеп болот. Калган 0,01%ы болсо таасирсиз же зыяны башында аныктала албаган мутациялар. Генетикалык жана физиологиялык түзүлүштөрү атайылап мутацияга ыңгайлаштырылган вирустардан тышкары, мутациянын пайдалуу эч кандай салымы жок.
ДНК дене жөнүндөгү маалыматы жана ал маалыматты сактоо дизайны менен өтө жогорку бир түзүлүшкө ээ. Мынчалык алдыңкы бир системага жасалган бир тышкы кийлигишүү сөзсүз түрдө системаны бузат. Татаал механизмдүү бир аспапты туш келди өзгөртүү ал аспапты андан да өнүккөн абалга алып келбейт, тескерисинче бузат. Же башка мисал келтирсек, бир жер титирөө бир шаарды оңдобойт, кыйратат; дал мутациянын ДНКга болгон таасири сыяктуу.
Ортодо бир пайдалуу мутация бар деп элестетели. Ар бир пайдалуу мутацияга миңдеген зыяндуу мутация туура келмек, жана жалпы таасир түрлөрдүн өлүшүнө же бузулушуна себеп болмок. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү майда-чүйдө мутацияга туш болгон миңдеген түрү суук жандыктарга толо болушу керек эле. Адамдардын кээ бирлери үч көздүү, кээ бирлери эки мурундуу болуп, мышыгыңыз беш буттуу балдарды туушу керек эле. Бирок мутациялар зыяндуу жана ошол эле учурда өтө сейрек болот; мына ошондуктан аларга жашоодо эч орун жок.
Мутациялар себеп болчу өзгөрүүлөр Хиросима, Нагасаки же Чернобльдагы адамдар кабылгандай өзгөрүүлөр гана болушу мүмкүн: б.а. өлүктөр, майыптар жана түрү сууктар...
Эволюцияны далилдөө үчүн лабораторияларда радиацияга тосулган эксперименттерде алынган жыйынтык буттары баштарынан өсүп чыккан мөмө чымындарынан ары бара алган жок. Ушул күнгө чейин эч бир пайдалуу мутация мисалы байкала алган жок. Байкоого алынган бүт мутациялар зыяндуу. Бул жагдайды Жашоонун тамырлары аттуу китептин автору доктор Махлон Б. Хогланд (Mahlon B. Hoagland) мындайча айткан:
Эстей турган болсоңуздар, бир организмдин ДНКсындагы бир өзгөрүү дээрлик дайыма ал үчүн зыяндуу болот; башкача айтканда жашоосун улантуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бир салыштыруу жасайлы; Шекспирдин пьесаларына туш келди кошулган сүйлөмдөрдүн аларды жакшыртышы көп мүмкүн эмес... Негизи ДНКдагы өзгөрүүлөр мутация менен болсо да, биз сырттан билип туруп кошкон жат гендер менен болсо да, жашоону улантуу ыктымалдыгын азайтуу өзгөчөлүгүнөн улам зыяндуу болот.6
Учурдагы эң белгилүү эволюционисттердин бири Ричард Доукинс да ага бир интервью учурунда узатылган «Белгилүү бир пайдалуу мутация мисалы барбы?» деген суроону жоопсуз калтырып, бул суроого эволюцияга далил боло турган бир жооп бере албашынын өзүн канчалык тынчсыздандырганын да кыймыл-аракеттери аркылуу апачык көрсөткөн.7
Бул темада дагы бир көңүл буруу керек болгон жагдай мындай: мутациялар кийинки урпакка өтүшү үчүн сөзсүз көбөйүү клеткаларында пайда болушу керек. Дененин кандайдыр бир клеткасында же органында келип чыккан өзгөрүү кийинки урпакка берилбейт. Мисалы, бир аял манжасынан ажырап калса, анын баласы ажырабайт, бир манжасы кем төрөлбөйт. Миң урпак бою ар бир туулган маймылга эки буттап басуу үйрөтүлсө, бир миң биринчи урпак туулганда бул өзгөчөлүк ага өтпөйт. Дагы бир мисал берсек; бир түрдүн сол колун он урпак бою кесип салсаңыз, он биринчи урпак кайра эле колу бар болуп туулат, колу эч качан жоголуп калбайт.
Көрүнүп тургандай, мутациялар эч качан жандыктардагы көп түрдүүлүктүн себеби боло алышпайт. ДНКдагы кемчиликсиз тизмек атайын пландуу жаратылган. Жана бул жаратуу улуу кудуреттүү Аллахка тиешелүү. Аллахтын кемчиликсиз жаратаары Куранда төмөнкүдөй кабар берилет:

Аллах силерге жерди үй, асманды там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң сулуу (бир назиктикте) кылды жана силерге сонун-таза нерселерден ырыскы берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улуу. Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай жок; демек бир гана Ага ыклас кылып, Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун. (Момун Сүрөсү, 64-65)

Аллахтын жаратканын тангандардын абалы да Куранда кабар берилген:


Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Ал) балалуу болгон эмес. Ага мүлкүндө орток жок. Бүт нерсени жараткан, ага бир калып берген, белгилүү бир өлчөө менен жараткан. Аны коюп, эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян да, пайда да тийгизе албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан тирилтип-жаюуга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды (кудай) тутунуп алышты. (Фуркан Сүрөсү, 2-3)

Булактар:

3. Denton Michael, "A Theory in Crisis", s. 334
4. Frank B. Salisbury, "Doubts About The Modern Synthetic Theory of Evolution", s. 336
5. Francis Crick, Life Itself: It's Origin and Nature, New York, Simon&Schuster, 1981, s.88
6. Mahlon B. Hoagland, Hayatın Kökleri, TÜB‹TAK Popüler Bilim Kitapları, 12. Basım, Mayıs 1998, s.153
7. "Biological Evidence of Creation: From a Fog to A Prince", "Keziah, American Portrait Films, Cleveland, OH, 1998

Комментариев нет:

Отправить комментарий